Мындан туура бир жыл мурун президент Курманбек Бакиев спорт тармагын көтөрүү максатында атайын жарлык чыгарган. Анда баардык спорт имартаттарын, аянттарды жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүшү керек экендиги айтылган. Бүгүнкү күндө бул маселе кандай деңгээлде иш жүзүнө ашып жатат, биз бул суроону Дене тарбия, спорт балдар жана жаштар саясаты боюнча агенттикттин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновго узаттык.
- Биз азыр баардык областар менен иштешип жатабыз. Ар аймактарда, шаарларда спорт имараттарын акырындап оңдогондор болуп жатат. Быйылкы милдетибиз, былтыркы болгон ишти улантып кетүү. Азыр биз программа иштеп чыгуудабыз. Эгер ошол программабызды мамлекет колдоп берип, ишке кирсе эски спорт имараттарын оңдойбуз жана жаңы спорт борборлорду курууга да мүмкүнчүлүк болот.
Бишкек шаарында мыкты делген үч футбол талаасы бар, андан бөлөк футбол аянттары талапка жооп бербейт. Ошого карабай топурак менен тапталган аянтта, боз балдар топ тээп ойноп келишет.
Ал эми грек-рим күрөшү аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келе жаткан балбандар болсо, “Чыгыш-5” кичи райондагы спорт борбордун ичине чатырдан суунун өткөнүнө карабай машыгып келишет.
Элет жергесинде спорттун абалы кандай?
Вознесеновка айылында убагында спорт жана маданият сарайы бар эле, бүгүн анын абалы киши ыйлаарлык.
Ал эми Эркин-Сай айылындагы мектептин спорт залынын полу чирип, түшүп жатат.
Кепире-Арык айылында болсо футбол талаасынан бөлөк эч нерсе жок.
Беловодский шаарчасындагы спорт мектеп ремонтко муктаж, андан сырткары машыктыруучу адистер айлыктын аздыгынан жетишээрлик эмес. Ал эми Орловка шаарчасындагы спорт борбор, спорттун 45 түрүнөн мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталып курулган. Азыркы күндө болсо чатырынан суу өтүп, полдору чирип жаткан кез. Теннис корту, бассейн, бокс залы эчак эле жарактан чыгып, дарбазасы жок футбол талаасында эч ким топ теппей калган.
Ал эми Ысык-Ата районунун Нурманбет айылындагы күрөш залы жана анын жанындагы спорт имаратынын тамтыгы чыккандыгы тууралу аталган айылдын тургуну Улан Суракматов айтып берди:
- Мурун биз бул спорт залга келип футбол, баскетбол ойноп, күрөш менен да машыкчу элек. Азыр болсо андай шарт жок. Спорт залдын темир тезектеринин баарын уурдап, полдорунан бери чыгарып кетишкен. Айыл өкмөтүбүз болсо шайлоого чейин спорт залыңарды жаңыртып беребиз деп көп сөз берген. Бирок, азыр анын бири да аткарылбай келатат.
Аталган Нурманбет айылынан беш чакырым алыстыкта жайгашкан Эпкин айылында, жакында эле күрөш залы ачылды. Аны аталган айылдын кулуну Руслан Шаботоев өз каражатына ачып берген.
- 10 жашыман баштам күрөшкө барып, спорт менен чоңойгом. Ошондуктан мен балдарды колдоп жардам берүүдөмүн. Азыр машыктыруучуга айлык төлөп берип жатам. Азыр биз жаш балдарды колдобосок, эртең алар кандай болуп чоңойот.
Бүгүнкү өспүрүмдөр, эртеңки күнү Кыргызстандын намысын коргошот. Бирок, спорт борборлордун абалы жакшырбаса, эртең мыкты спортчулардын чыгышы күмөн иш.