Сербиянын жана провинциядагы албандардын өкүлдөрү Косовонун келечек статусуна байланыштуу соңку сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Мартти Ахтисаари бул маселе боюнча өз сунушун ушул айдын этегинде Коопсуздук кеңешине киргизет. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө эч кандай деле жылыштар болбойт дешет.