Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенамановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул маселе боюнча эртең талкуу жүрүп, токтом кабыл алынышы мүмкүн. Депутаттарга бул маселе боюнча биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөнов 9-мартта маалымат берип, “Кристалл” ишканасын сатуу иштери токтотулганын билдирген.