Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Депутаттын пикиринде, эгерде президенттин иниси депутаттыкка ат салышса, учурда ансыз да төмөндөп кеткен президент Курманбек Бакиевдин аброю мындан да төмөндөмөк. Депутат болбой деле Жаныбек Бакиевдин күч органдарына таасири күчтүү, дейт Иса Өмүркулов. Президенттин иниси Жаныбек Бакиев депутаттыка ат салышпай турганын ал өзү мүчө болгон “Эмгек жана биримдик” партиясынын кечээки курултайында билдирген.