Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 03:06

Махмуд Ахмадинежад өлкөнүн атомдук программасын коргоо ниетин билдирди


Ирандын мамлекет башчысы Махмуд Ахмадинежад БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышып, өлкөнүн атомдук программасын коргоо ниетин билдирди. Ахмадинежаддын жарыясы Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия Иранга каршы жаңы санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карашатырып жаткан кезде жасалып отурат. Апта башында Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги Тегеранга берилип жаткан техникалык жардамын кыскартууну чечкен. Мындай чечим Иран БУУнун соңку резолюциясын аткарбай койгондон кийин кабыл алынды. Батыш Иран атмодук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатат деп шектенүүдө. Тегеран болсо андай айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG