Облустук бийликтен алынган маалыматка караганда, Кадамжайдын чек арадагы Кыргызкыштак айыл өкмөтүнө караштуу айылдар 20 күндөн ашуун убакыттан бери табигый газсыз отурат. Маселени чечүү боюнча буга чейин жүргөн жергиликтүү деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок. Бул маселе боюнча бүгүн Баткен облустук бийлигинин тиешелүү кызматкерлери «Өзбекнефтегаз» ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү күтүлүүдө.(SM)