Бүгүнкү сот ишинде Мотуев менен кошо айыпталып жаткандар көрсөтмө бериши күтүлүүдө. «Каракече кожоюну» атыккан Нурлан Мотуев буга чейинки сот жараянында коюлуп жаткан айыптардын бирин да мойнуна алган эмес. Нурлан Мотуев жана анын жан жөкөрлөрү Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айыпталууда. Алардын ичинде бирөөнүн мүлкүн басып алууга, мыйзамсыз курал алып жүрүүгө, ири өлчөмдөгү каражат уурдоого байланышкан беренелер да бар. (SM)