Эки коңшу өлкө террорчулука каршы күрөштүн алкагында, Пакистандын уруу башчыларынын жыйыны – "жирганы" чакыруу боюнча сүйлөшүүлөргө киришти. Ал Исламабадда өтөөрү күтүлүүдө. Жыйынга Пакистандын Ооганстанга чектеш аймактарынын өкүлдөрү чакырылмакчы. Талибердердин калдыктары Пакистандын тоолуу райондорунда баш калкалоосун улантып, маалыматарга караганда, Ооганстан аймагына кол салууларды мына ошол жактан келип жасашат.