Аялдардын саясий талкуу клубу мындай нааразылык чараны бүгүн Жогорку Кеңештин алдында өткөрүүнү белгилеген эле. Бирок парламент кечээ кворум жоктугунан 15-мартка чейин тыныгуу жарыялагандыктан митинг кийинкиге которулду. Кылмыш кодексинен көп аял алууну жазалаган берени алып салуу тууралуу мыйзам долбоору парламенттин март айындагы күн тартибине киргизилген. (SM)