Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

16:09 Аксы районунда 2002-жылы шейит болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт


17-мартта Аксы окуясында курман болгондордун арбагына багышталып, адегенде райондун Боспиек аттуу жеринде куран окутулат. Андан кийин Каражыгач айылында мындан беш жыл мурунку окуяга байланыштуу митинг өткөрүлөт. Ага Аксынын тоо тарабындагы алты айыл өкмөтүнүн калкы менен өлкөдөгү саясатчылар, адам укугун коргоочулар, чет өлкөлөрдүн элчилери чакырылды. Мындай маалымат Аксы алааматында жабыр тарткандардын адвокаты Сартпай Жайчыбековдон алынды. Укук коргоочунун айтымында райондо өтүүчү эскеруу иш-чараларына катышууга президент К.Бакиев да макул болду. Облус губернаторунун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун маалыматы боюнча 2002-жылдын 17-18-март күндөрү милиция менен кагылышуудан 6 адам курман болуп, отуздан ашык адам октон жараат алган.(YA)

XS
SM
MD
LG