Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

17:50 Сох анклавында Өзбекстандын бажычылары кыргыз атуулунун акчасын алып коюшкан


БАТКЕН. Бул тууралуу 13-мартта Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев “Азаттыкка” маалым кылды. Анын айтымында, Өзбекстандын Кызылкыя чегара бекетинде Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну Ормоновго тиешелүү 2 миң 200 АКШ доллар акчасын өзбек бажычылары чегарадан өтүү үчүн толтурулган декларация кагазына жогорудагы акча суммасы киргизилген эмес деп негиздешкен. Ушул жана Кадамжай районунун бир катар айылдарына Өзбекстан жаратылыш газын берүүнү токтоткондугу, 60 күндүк визасыз каттамдын аткарылыш тууралуу маселелерди 13-мартта Фергана шаарында өтө турган эки тараптуу сүйлөшүүдө көтөрө турганын облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев “Азаттыкка” кошумчалады.
(SA)

XS
SM
MD
LG