Кыргызстан тышкы карыз жүгүн жеңилдетүүчү ХИПК демилгесинен баш тарткандан аз өтпөй Дүйнөлүк банк өкүлдөрү, эми артынан минтип Эларалык валюта корунун миссиясы келип, эки жума бою өлкөнүн экономикалык жагдай-шарты менен таанышты. Кыргызстан өкмөтү эларалык каржы уюмдары менен кызматташуусун уланта бере тургандыгын ырастап, ушу тапта жакынкы жылдарга эсептелген өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда. Аны карыз берчү уюмдар менен өлкөлөр эки айдан соң Бишкекте өтчү жыйында талкуулашмакчы. Ойлонткон маселе - барып-келип эле карызды кантип кайтаруу, эмненин эсебинен жыл сайын үстөк пайызы менен 80 – 100 миллион долларды бучкактаган кредитти төлөп берүү башоорусу болууда.
П.Нойхаус Кыргызстан тышкы карыз жүгүн 1 миллиард долларга аазйтуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартып, өкмөт эми алынган акчаларды үстөк пайызы кантип кайтаруунун жолдорун издеп жатканын айтты.
- Кыргызстан өкмөтү ХИПК жана көп тараптуу карыздардан кутулуу демилгесине кошулуудан баш тартканына карабастан, эларалык валюта кору экономикалык реформаларду жүргүзүү программасы боюнча кызматташуусун уланта берет. Анан да Жакырчылыкты азайтуу, экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү программасы 2008-жылдын март айында аягына чыгат. Ага чейин ортодогу байланыш улана бермекчи. ХИПК тууралуу айтсак, онбеш жыл бою 45 миллион доллардан карыз жүгүн жеңилдетилип турмак. Ал болбой калгандан кийин өкмөт эми ХИПКсиз кантип тышкы карыз жүгүн азайтуу стратегиясын иштеп чыгышы керек,-деди П.Нойхаус.
Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси ХИПК өлкөнүн экономикалык проблемаларынын текши баарын чече албастыгын маалымдап, эми андай мүмкүнчүлүк болбостугун билдирди.
- Башка программалар боюнча тышкы карыздар кечилбейт. Өкмөт эки тараптуу, көп тараптуу карыздарды кечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн. Бирок ага Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банк катышпайт. Себеп дегенде ХИПК менен МДРЙ демилгеси токтотулат.
Ушу тапта кыргыз өкмөтү кантип карызды төлөп берүүнүн стратегиясын иштеп жатканын Каржы министринин орунбасары Канат Асангулов маалым кылды. Анын айтуусунда, бюджетке оорчулук келтирген артыкбаш мамлекеттик чыгымдар азайтылып, кирешени көбөйтүүнүн жолдору караштырылууда.
- Азыр “Кумтөр” боюнча келишимди карап чыгуу тууралуу көп сөз болууда. Мына ушул жана башка иш-чаралар Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталууда деп ойлойм. Бул жерде П.Нойхаус токтолбой кеткен бир маселени айта кетейин. Биздин бюджеттик саясатыбыз чыгашаларды иретке салууга негизделет,- деп айтты К.Асангулов.
Быйылкы жыл бюджети 4 миллиард ашуун сом таңкыстыгы менен бекилгени турат. Эларалык каржы уюмдарынан жыл сайын алынчу 100 миллион доллардын орду ошентип бош. Улуттук банк төрагасы Марат Алапаевдин ырасташынча, бюджеттин чыгашасын жапчу оңор эмес каражаттын ордун толтуруш үчүн кошумча акча басылып чыкпайт.
- Анткени мыйзам боюнча акча чыгарчу орган – бул Улуттук банк. Анын болсо өкмөткө тиешеси жок.
Тышкы карыздан кутулуунун аргасы катары өкмөт “белди бекем бууш керектигин” такай айтууга өттү. Калкынын басымдуу көпчүлүгү кедей жашаган өлкөдө алдагыдай чакырык биралдын тамаша-шылдың катары кабылданары турулуу иш.