ПХЕНЬЯН. Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттигинин башчысы Эл - Барадей Пхеньянда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Түндүк Корея менен МАГАТЭ өлкөнүн атомдук программасын токтотуу тууралуу макулдашууну ишке ашырууну талкуулап жатышат. Пхеньянга жөнөөрдүн алдында Эл –Барадей бул процесс өтө татаал жана узак боло турганын эскерткен. Февраль айында Түндүк Корея өзөктүк курал чыгаруудан баш тартууга макул болгон, бирок ан үчүн дүйнө коомчулугу өлкөгө экономикалык жардам берип, анын коопсуздугун кепилдеши керек.