Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

8:10 Кыргыз президенти коомдук жайларда тамеки тартууга тыю салган мыйзамга кол койду


Мыйзамда коомдук жайларда тамеки тарткандарга админстративдик жоопко тартуу каралган. “Тамекинин зыяндуулугунан өлкө жарандарынын денсоолугун коргоо” тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл январда кабыл алган. Ага ылайык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт мекемелеринде жана башка коомдук жайларда тамеки чеккен адам 100 сомдон 300 сомго чейин айып тартат. Ал эми кээ бир мекемелерде атайын бөлүнгөн жайларда гана тамеки тартууга уруксат берилип, мындай жай менен камсыз кылбаган юридикалык тарап 10 миңден 50 миң сомго чейин айыпка тартылат. (SM)

XS
SM
MD
LG