Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

12:50 Т.Тургуналиев: “Агым” гезити менин талаптарымды аткарбаса сотко берем


“Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев менен “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” бириккен фронтунун штаб жетекчиси Өмүрбек Субаналиев, “Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” аттуу теле долбооруна катышып, анын алып баруучусу Кубат Оторбаевдин суроолоруна жооп беришкен эле. “Агым” гезити теле берүүнүн кыскартылган вариантын басып, Ө.Субаналиевдин гана айткандарын келтирген. Буга байланыштуу Т.Турганалиев, “Агым” гезитинин баш редактору Эрнис Асек уулу менен журналист Асланбек Сартбаевден анын кадыр-баркына шек келтиргендери үчүн ачык кечирим сурашын, аны менен кошо “Ыңгайсыз суроолор” теле берүүсүндөгү айткандарын өзгөртүүсүз гезитке басышын талап кылып жатканын, же болбосо сотко берерин билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG