Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: БААРЫН БОЗПИЕКТЕН КҮТӨБҮЗ


Президент Курманбек Бакиев Аксы трагедиясынын курмандыктарын эскерүү иш чарасына барып катыша турган болду. Бул тууралуу президент жарандык коом лидерлери Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдрасулова менен болгон жолугушуусунда билдирген. Төлөйкан Исмаилова “Азаттык” менен байланышка чыгып, президент менен жолугушууда кандай сөз болгону жөнүндө айтып берди.

- Кабарларга караганда президент менен жолугушууга Азиза Абдрасулова экөөңүздөр барган экенсиздер, дагы башкалар да болдубу?

- Сартбай Жайчыбеков деген мырза да барды, ал эгемендүү адвокат. Аксы окуясынан баштап эле ошол ишти ООНго чейин жеткирип, бүгүнкү күнгө чейин акыйкат издеген адам.

- Бул жолугушууда көздөгөн максатыңар кайсы эле, ал максаттарга жеттиңиздерби?

- Эң чоң максат - эгемендүү Кыргызстан болгондон кийин, өлкө президенти сөзсүз түрдө жабыркап турган элди карап, элдин тагдырын чечкенге аракет кылган инсан болуш керек деген талап менен барганбыз. Биз эки күн иштедик ушул маселе боюнча. Акырында президентке киргенден кийин Курманбек Салиевич бизди угуп айтты: “туура айтып атасыңар, менин башка дагы пландарым бар эле, бирок мен эч ойлонбой туруп барышым керек экен, сөзсүз түрдө барам” деди. 17-мартта саат 10.00 дө Боспиек айылынын жанында жолугалы деп чечтик. Ошондо бизди таңкалтканы – “оппозициянын лидерлерин чакырайын, анткени ыйлап аткан эл менен чогуу бололу, келечектеги Кыргызстанды эмне кылабыз деген маселелерди талкуулайбыз” деген сөзү болду.

- Мамлекет башчысынын Аксы трагедиясынын беш жылдыгына катышуусу эмне берет?

- Биринчиден, 5 жылдан бери Азиза Абдрасулова, Сартбай Жайчыбеков болуп биздин уюм: Аксы трагедиясынын башында ким турду эле, кыргызда канга-кан деген саясат жок, бирок ошондо дагы Аксы трагедиясы экинчи Кыргызстанда болбосун, анткени, эгемендүү эл Конституциялык өзүнүн укуктарынан эркин пайдалансын, тең укуктуу болсун деген максаттар үчүн күрөшүп келатабыз.

Бүгүнкү күндө парламентте демилге көтөрүлүп атат, фундаменталдык укукту - демонстрация, митингдерди чектейли деген адамдар да бар. Же болбосо, ошол эле элге ок аткан милиция, “ат” деген бийлик, бүгүнкү күндө да ошондой окуяга жол берип калышы мүмкүн. Ошон үчүн Аксы эли жана кыргызстандыктар бүгүнкү күнгө чейин акыйкатты издеп, ким аттырткан, ким буйрук берген деген суроолорго ачык жооптуу талап кылып келатабыз. Биз ошону да айттык. Курманбек Салиевич, “мен корккондой эч нерсе жок, мен Аксыга да баргам, эл менен да сүйлөшкөм, бирок дагы бир жолу барып чекит койгонго аракет кылалы” деп айтты.

Баш прокуратура беш жылдан бери буйтап жүрөт. Мырза Конгантиев менен жарым жыл бою чогуу иштедик. Бирок өкүнүч менен айткыбыз келет, Баш прокуратура бүгүн мыйзамдуулукту издебей эле, ишти жаап коюп, коррупциялык иш жасоодо.

Жаны жагдайлар бар экен ошон үчүн ишти кайра ачалы деп Бекназаров менен да чогуу иштештик. Ал киши да талап кылып келатат мыйзамдуулукту. Бүгүнкү күнгө мыйзамдуулук жолго биринчи гана кадам ташталды. Биз күндөн күнгө ишти көзөмөлдөп жана акыйкат сотко алып келгенге аракет кылабыз.

- Азиза Абдрасулова, Аксы окуяларына башкы күнөөкөрлөрдүн бири ошол кезде өкмөттү башкарып турган Курманбек Бакиев болгон деп эске салып жатат?

- Эң туура. Биз ачкачылык жарыялап парламентке, Башкы прокуратурага барып жүргөнүбүз, көз алдымда элестетип турат, эл билет анын баарын. Ошол кезде Курманбек Бакиев премьер-министр болгон. Кечээ да айтты “менде эч кандай күнөө жок, ошол убакта отставкага кеткем. Элимден жашырчу эч нерсе жок. Бирок азыркы күндө саясий жана экономикалык конфликттер, саясий кризис болуп атабыз. Мен айттым элиме. Бирок эгемендүү сот болгондо сөзсүз түрдө акыйкат чыгат. Бүгүнкү күндө реформалар жакшы боло албай атат. Революциядан кийинки кыргызстанды түшүнүш керек. Бирок ушул Кыргызстанда барыбыз чогуу системаны өзгөрпөсөк, эл менен акылдашып жасабасак бүгүнкү күндө эч акыйкаттык болбойт” деп бизге сөз берди. Ошон үчүн бүгүн биз атуулдук форумду даярдап, атуулдар, акысылыктар, укук коргоочулар менен он жетисинде баарын Боспиекте күтөбүз.

- Маегиңизге ырахмат.

Кепке тарткан Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG