Облустук китепканада өткөрүлгөн талкууну дубандагы лидер аялдардын бирикмеси уюштурду. Андагы айтылган пикирлерге караганда, көп аял алуу жагын мыйзам менен бекемдөөнү байлыгы ашып-ташкандар чыгарып жатат. Бирден ашык аялга үйлөнүүгө расмий уруксат берилсе, аялдардын укуктары, гендердик теңчилик бузулат, демократия артка кетет. Ошон үчүн, жалалабаттык активист аялдардын к өз карашы боюнча, тескерисинче көп аялга үйлөнгөнгө жоопкерчиликти күчөтүү керек. Бул үчүн тиешелүү мыйзамга толуктоолорду кийирүү керек. Жоопкерчиликти алып салганда да турмуш оңолбойт, сойкулук менен баңгиликти, иммундук таңсыктык жана башка тукумсуздук илдеттерин, жыныстык ооруларды, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды жоюу кыйын болот. Талкууда эркектердин баарынын укугун чектеген болбойт, бардык жагынан камсыз кылып үй-бүлө бага алгандар бирден ашык аялга үйлөнө берсин деген ойлор да айтылды. Талкуунун жыйынтыгында облустук аялдардын атынан жогорку бийлик уюмдарына кайрылуу кабыл алышты. (YA)