Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 02:15

ТАЛАП-ТОНООЧУЛУКТАН ЖАПА ЧЕККЕН ИШКЕРЛЕР МАМЛЕКЕТТЕН ЖАРДАМ СУРАЙТ


24-март ыңкылабынын учурундагы талап-тоноочулуктан жабыр тарткан ишкерлердин көбү ушул убакка чейин ишмердүүлүгүн кайра калыбына келтире албай жүрүшөт. Талоончулуктан жапа чеккендерге мамлекеттин көңүлүн буруу максатында “Жапа чеккен ижарачылар” коомдук бирикмеси бүгүн Бишкекте тегерек үстөл жыйынын өткөрдү. Акырында жыйын жардам сурап, мамлекет жетекчилигине кайрылуу жолдоду.

2005-жылы 24-марттан 25-мартка оогон түнү талап тоноочулуктан ири соода борборлорунун миңден ашуун ишкерлери бир түндүн ичинде көп жылдар бою иштеп тапкан ишмердүүлүгүнөн ажырап калды. Алар тарткан зыян орточо эсеп менен 1 миллиард 300 миң сомдун тегерегинде деп айтылып жүрөт. Мына ушундай чоң чыгымдарга баткан “Мадина” соода борборунун ишкери Шамасыр Жолдубаев өз ишмердүүлүгүн кредиттин жардамы менен гана бутуна тургузгандардын бири:

“Мадина” соода борборунда эки соода түйүнүмдү тең тоноп кетишкен. Жалпысынан он эки жарым миң доллар суммасындагы каражатка зыян тарттым. Он миң доллар кредит алып, ошонун жардамы менен кайра иштеп баштадым”.

Ал эми кредит ала албай жүргөн ишкерлер ушул убакка чейин карыздан-карызга батып, кыйынчылыктарды көрүүдө. Учурда миңден ашуун тонолгон ишкерлердин чейреги гана кредиттердин жардамы менен ушинтип өз ишин улантууда.

Мамлекет тараптан колдоого үмүт артпай калган ишкерлер өз кызыкчылыктарын колдоо максатында “Жапа чеккен ижарачылар ” коомдук бирикмесин түзүшкөн. Аталган бирикменин төрайымы Бурул Усубакунова ушул маселени чечүүдө мамлекет тараптан жетишерлик деңгээлде көңүл бурулбай келгенине нааразылыгын билдирди:

“Чуркап жүрүп, чоң кыйынчылыктар менен мамлекеттен кичинеден бир нерселерди алып келатабыз. Мына эки жыл болуп калды, биздин ишибизди, ахыбалыбызды сурап, кызыгуу унутулуп баратат. Акча төлөп берүү маселеси баягыдай эле курч бойдон калууда”.

Коомдук бирикменин базасында жапа чеккен ишкерлерге төмөн үстөмдүк пайыз менен кердит берүү үчүн “Кредитчилер биримдиги” түзүлүп, мамлекет ага он жылга он миллион сом карыз берген. Учурда биримдик расмий бийликтен дагы ушунча каражат сурап жатат. Бирок, тиешелүү мекемелер буга жооп бербегендиктен, бул суроо ачык бойдон турат.

Жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн өкмөт атайын токтом кабыл алган. Бирок бул токтом бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу ишке ашырыла элек.

Президент администрациясынын аялдар жана гендердик саясат боюнча улуттук комитетинин жооптуу катчысы Токтокан Боромбаева бюджетте акча тартыш болуп аткандыгына байланыштуу, мамлекетке бул маселени чечүүдө убакыт талап кылынат деп билдирди:

“Мындай жабыр тарткандарды тез арада эле колдоп койсо болот эле. Бирок бюджеттин тартыштыгына байланыштуу бул маселе жай нукта баратат. Менин оюмча буга убакыт керек. Албетте мамлекет буларга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле ишкерлер да бири-бирине колдоо көрсөтүшү керек”.

Жыйындын соңунда катышуучулар президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана жалпы коомчулукка өз сунуштары менен кайрылуу жолдошту. Анда талап-тоноочулуктан жабыркаган ишкерлердин укугун коргой турган мыйзам иштеп чыгууну, талап-тоногондорду жоопко тартууну, уурдалган буюмдардын ээлерине өткөрүлүп берилиши туурасында маалымат берүүнү суранышууда. Ушуну менен жапа чеккен ишкерлер бийликке экинчи ирет кайрылуу жолдошууда.

XS
SM
MD
LG