ИСЛАМАБАД. Ооганстандын жана Пакистандын жетекчилери эки тараптын пуштун калкын терроризмге каршы күрөшкө көндүрүүгө макулдашышты. Эки тараптын өкүлдөрү Исламабадда үч күнгө созулган сүйлөшүүдөн кийин бири- биринин улуттук суверендүүлүгүн , улуттук кызыкчылыктарын жана территориалдык бүтүндүгүн сыйлоо менен иш жүргүзүүгө макул болушту. Эки тарап тең апрелде кайрадан жолугуп, уруу курултайларынын так датасын аныктамак болушту.
Ооганстан менен Пакистандын пуштун урууларын терроризмге каршы күрөшүүгө көндүрмөк болушту