Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

20:10 Президент менен жолугушуу боюнча «реформачылар» орток пикирге келе элек


«Реформа үчүн» кыймылынын координатору Өмүрбек Абдрахманов кыймылдын штабында президент менен жолугушуу маселеси талкууланбаганын, кыймыл мүчөлөрүнүн көбү Алмаз Атамбаев өзү чечкен мындай жолугушууга катышпастыгын айтып жатканын бүгүн «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. Кыймылдын дагы бир мүчөсү Кубат Байболов мындай кабарды маалымат каражаттарынан укканын, кыймылдын Алмаз Атамбаев айткан 8 кишиден турган саясий кеңеши жоктугун белгиледи. Кыймылдын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев болсо "Бул маселени жалпы мүчөлөр талкуулашы зарыл, көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынса жолугушуудан качпаш керек", деген пикирде.(SM)

XS
SM
MD
LG