Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

ЗИЛЗАЛАНЫН ЗАЛДАРЫ: ЖАРАКА ДУБАЛДАР, ӨКМӨТТӨН ҮМТӨТКӨН ЭЛ


Бекташ Шамшиев Жаңы жылга жуук, андан кийинки жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу ушу тапта оор социалдык проблемага айланууда. Үстүндөгү үйү урап кала элегинде жаңы там тургузуу Кочкор, Нарын, Көл, Баткен аймагындагы миңдеген үй-бүлөлөрдү санаага салууда. Өкмөт табигый кырсыктан жабыр тарткандарга 200 миң сомдон ашуун жардам бере албастыгын ырастап, курулушка жетишпеген акчаны банктардан алуу сунушун киргизүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Үрүстөмбековдун ырасташынча, зилзаладан Нарын, Көл, Баткен облустары өзгөчө жабыр тартты.

- Жер титирөөдөн Нарын менен Ысыккөл облусундагы 8211 турак үйдөн оор-жеңил жарака кеткен. 55 коомдук жай зыян тартты . Кырсыктын оор кесепети Кочкор районуна туш келди, бул жерде 7738 үйдөн жарака кеткен,- дейт Ж.Үрүстөмбеков.

Министрдин ырасташынча, Баткен облусунда 4 миңге жакын үйдөн жарака кетип, 44 үй толугу менен кыйрап калган. Кочкордо мындай үйлөрдүн саны 5.

Өкмөт кырсыктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүү амалында быйыл 6-февралда токтом кабыл алып, муктаж болгондорго 200 миң сомдон карыз акча, ал эми андайды каалабагандарга бир жолу гана 50 миң сомдон көмөкпул көрсөтүүнү белгилеген. Архитектура жана курулуш агенттигинин Турак-жай курулуш департаментинин кредит бөлүмүнүн жетекчиси Талант Ажымаматов азырынча ссудага берилчү акча бөлүнө электигин маалымдады.

- Акча бөлүнө элек. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тизмени алып, баарын даярдап койгонбуз. Токтом боюнча үч вариант тандалып алынат. Быйыл сатылып берилбейт. Курулуш долбоор боюнча гана жүргүзүлөт. 200 миң сом ссуда берилет, аны 20 жыл ичинде үстөк пайызы жок кайтарып бериши керек. Долбоор боюнча жер титирөөгө туруштук берчү бекемдегичтери менен куруп беришет.

Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Ишенбай Кадырбеков өкмөт курулушка жумшалчу чыгымдын жарымын төлөп бере тургандыгын ырастады.

- Өкмөт токтому боюнча, алынган ссуда жерпайын, сейсмикалык бекемдегичин, чатырын куруп бергенге жумшалат. Анын 50% өкмөт, калганын үй ээси төлөйт. Эгер бул шартка макул болушпаса алардын банктардан кредит алганга мүмкүнчүлүгү бар. Анын үстөк пайызын өкмөт төлөп берет. Же болбосо 50 миң сомго курулуш материалын алууга мүмкүндүгү бар. Дагы бир өкмөт токтому даярдалып жатат. Ага ылайык жер титирөөдөн жабыркагандарга ипотекалык сертификат берилет. Табигый кырсыктан жабыркаган 6 миң кишиге да сертификат берилет. Бул мамлекет кепилдиги деген сөз. Аны менен банктан кредит алса да болот. Үй салышка мүмкүндүк алышат.

Ошентип баш-аягы 12 миң ашуун үй-бүлөнүн социалдык проблемасы жетишпеген каржы маселесине барып такалып турат. Элдин көбүнүн үйүн жаңылоого акчасы жок. Алынган карыздын үстөк пайызын өкмөт төлөп берген күндө деле көпчүлүктүн ссуда алышка шайы жок.

Кочкор өрөөнүнүн чыгыш ныптасындагы Б.Исакеев айылынын башчысы Үсөнбек Сыдыковдун айтуусунда, айылдыктардын көпчүлүгү бир жолу берилчү 50 миң сомду алуу менен чектелишмекчи.

- Элдин көбү жанагы 50 миң сомго берген курулуш материалын алалы да калганын өзүбүз жасайлы деп калышты. Турмушка баш иесиң. Бая күнү губернатор да келип түшүндүрүп кетти. Эми мамлекеттин колунда эч нерсе жок болсо эмне кыла аласың. Аны көрүп эле турабыз.

Исакеев айылындагыларды түйшөлткөн маселе – курулуш материалдарынын кымбаттыгы, акчанын тартыштыгы, 20 жылга берилчү ссуда көлөмүнүн аздыгы болууда. Айыл тургуну Тынчтыкбек Асанов жарака кеткен үйлөрдүн категориясы так аныкталбай калды деген пикирде.

- 4-3-деген категория коюптур. Аны деле биз түшүнбөппүз. Анан ссуда берет деп угуп жатабыз. Жанагы 3-4-категория дегендери бирдей эле. Ушуну калыс карап койсо болмок. Ушуну дагы бир комиссия келип чечип берсе жакшы болор эле. Мен ушуну суранам.

Айылдыктардын күткөнү эле өкмөттүн жардамы. Жаз-жай ичи үйүн жаңылап, андайга күчү келбегендер жарака, ачылып калган жерлерди жамап-жаскап, үстүндөгү үйүн оңдоп-түзөп алуу аракетине киришкени турушат. Гүлмира Койлубаева менен Нурила Иманалиева жардам тезирээк берилсе деген өтүнүчүн билдиришти.

- Бизге 5 шыпыр, 100 кило цемент жазып коюптур. Ал эмнеге жетет? Эч нерсеге жетпейт да. Анан бизге жок дегенде 30 – 50 миң сом бербейсиңерби? Корообузда малыбыз жок. Жакында эле кайнатам каза болгон.

- МЧСтин кишилери келип 2-3-деп жазып aтканда «и көрүп кетти, карап кетти», деп бейкапар эле жатканбыз. Анан категориясы эмне экенин билген эмеспиз. Менин тегерегимдегилердики 4-болуптур да жалгыз меники 3-категория болуп калыптыр. Эмне үчүн андайлыгын сурап арызданып барсам, «комиссия 7 киши, ошолор аныктаган» деп, арызымды укпай коюшту.

Жер титирөөдөн Баткен аймагында жашаган калк да жапа чекти. Бул жактагы кабарчыбыз Сабыр Абдымомуновдун айтымында, бүгүнкү күнгө облус боюнча 4611 үйлөр иликтөөдөн өтүп, анын 73 жашоого таптакыр жараксыз, 102 үй капиталдык оңдоого муктаж деген бүтүм чыгарылган. Күн жылып жер жумшарган сайын тигил же бул айылдан жарака кеткен үйлөрдүн саны арбып баратат.

Облус башчысынын орунбасары А.Молдалиевдин айтуусунда жарака кеткендер башында азыраак болчу. Күн жылымдаган сайын алар көбөйүүдө. 6- 7 баллдык жер титирөөдөн аймактагы үйлөр көп жабыркабай бүтүн калганын коомчулук кош сынч – эки каркастан турган үйлөрдүн курулушунун бекемдигине байланыштырат. Аны Өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Ж.Жээнбеков да ырастайт. «Үйүң сынч болсо, жашооң тынч» болот дейт ал. Баткендик усталарды республиканын башка жерлерине алып барып, илгертен келаткан ыкманы колдонуп үй салуу жакшы натыйжа бермек. Ал эми жабыр тарткан адамдар мамлекеттин жардылыгын белгилеп, андан жардам деле күтүшпөгөнүн айтышууда.

Жер титирөөдөн соң дубалдарынан жарака кетип, жашоого мүмкүн болбой калганда Исакеев айылындагы Батма Карымбаева эне кошунасынын жыгач үйүнүн бир бөлмөсүндө жашоодо. Анын тилегени эле көзүнүн тирүүсүндө кулаганы турган үйүнүн ордуна жаңысын салып алуу. Кендирди кескен каражаттын жоктугу.

- Мамлекеттен 100 миң сом берсе, үйдү бузуп, жаңысын салсак. Өзүм биякта үйүм тиякта, карыган кишиге аны барып көрүп туруу деле кыйын экен. Карыганда бирөөнүн үйүндө отургуча тиякка карап кеткен жакшы. Бирок да тамымдын бузулуп отурганы мага кыйын болуп жатат. Жаза тайып өлүп калсам ушул үйдөн чыгамбы? Мени нааразы кылган нерсе - үй салууга акчанын берилбей атышы. Карызды мен өлсөм балдарым төлөйт эле го жандары болсо. Кайгым эле ушул там.

Ушундай эле кыйын абалда Кочкор айылындагы жаңы конуштун жашоочусу Бактыбек Жоошбаевдин да үй-бүлөсү туш келип, эмне кыларын билбей отурат. 40 жылдан ашуун айдоочулук кылып, оорунун айынан үйдөн чыга албай калган Айылчы Шаршенов аксакалдын пенсиясы сатып алчу дарысына да жетпейт.

- Үч жылдан бери оорулуумун. Өзүм көп жыл шоопур болуп иштегем. Бир айда миң сомдун тегерегинде дары ичем. Бир кичекей дары эле 460 сом турат экен.

Кочкор айылындагы Бакыт Айтмамбетовдун үйүнүн шыбы түшүп, ал да кошунасынын үйүндө баш калкалоодо.

- Жер жибий баштагандан кийин коркуп башка үйгө көчүп алдым. Акча берилсе өзүм эле салып алат элем.

Ахывал, чынында эле кыйын. Токпейил калкыбыз зилзаладан аман калганына шүгүрчүлүк кылып, көптүн башына келген оор сыноодон өкмөттөн келчү жардам аркылуу өтөрүнө ишеним байлап отурат. Быйылкы жылы Кыргызстанда кыйла жер титирөөлөр болуш ыктымалдыгын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун лаборатория башчысы Эрнис Мамыров айтты.

- Эң көбөйгөн убактысы июль-август. Анан кайта азайып кетет экен. Анан ноябрдан баштап кайта көбөйүп кетет. Ноябрь, декабрь, январь – ушул айлар.

Жакындан бери Кыргызстанда турак-жайларды камсыздандыруу зарылдыгы айтыла баштады. Табигый кырсыктардын жыл санап арбып баратышы кыйла жылдардан бери чечилбей келаткан социалдык проблемаларды көбөйтүүдө. Анын баары чогулуп келип каржыга такалары турулуу иш.

XS
SM
MD
LG