Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:52

БАЛКАШ АРАЛДЫН ТАГДЫРЫН КАЙТАЛАЙБЫ?


Еврошаркеттин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү 21- мартта Казакстандын Алматы шаарында жолугушуп, дүйнөнүн эң ири тузсуз көлдөрүнүн бири Балкашты сактап калуу маселесин талкуулашат. Тузсуз болгондуктан бул көлдүн суусунун 20 процентин калк ичүү үчүн алат. Көл суусунун керектөөсү чоңойуп бараткандыктан, экологдор Балкаш Арал деңизинин тагдырына дуушар болушу ыктымал деп жатышат.

Алматы конференциясын пландаштырып жаткан эл аралык уюмдар Балкаш көлүнүн бассейнинин экологиялык тең салмагын жана көлдүн айланасындагы семиз жерлерди сактап калуунун жолдорун талкуулашат. Жыйынга Еврокомиссинын, Европадагы Коопсуздук жана Кызматтыштык уюмунун, Улуттар уюмунун маданият жана өнүгүү агенттиктери ЮНЕСКО менен ЮНДПинин өкүлдөрү катышат. Конференциянын так датасы анык эмес, бирок божомолор боюнча ал 21- мартта Алматы шаарында өтөт.

Мындан мурдараак Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөт табигаты кооз, бирок адам баласынын ишкердигине өтө сезимтал Балкаш чөлкөмүн өнүктүрүү боюнча атайын программаны даярдап жатканын билдирген. Еврокоммиссиянын жооптуу өкүлү Анна Брамвелл Еврошаркет Казакстанга Назарбаев айткан программаны иштеп чыгууда финансылык жардам бере турганын билдирип, программа көл аймагындагы ишкердикти токтотуп койууну эмес, чөлкөмдө отурукташкан калктын керектөөсүн экологиянын кызыкчылыгы менен айкалыштырууну көздөп жатканын айтат.

"Көлдүн бассейнин өнүктүрүүдө биз Батыштын жана башка өлкөлөрдүн эң жакшы жетишкендиктердин колдонулушун көздөп жатабыз. Көлдүн бассейни Казакстандын эң түшүмдүү жана калк жыш отурукташкан жерлеринин бири. Бул чөлкөмдүн калкы Алматы сыяктуу элге жык толгон чоң шаарларга агылбастан, ушул жерден оокат кылып кетүүлөрү керек",- деп айтты Брамвелл.

Еврокомссиянын өкүлү Анна Брамвелдин айтымында, көл бассейнин уникалдуу көлдүн балыгын соолутпастан, чөлкөмдүн токой- бадалдарын кыйбастан жана башка ресурстарды түгөтпөстөн туруп, өнүктүрсө болот. Еврошаркеттин мындай иште тажрыйбасы бар, уюм аны Казакстанда дагы пайдаланууну каалайт, дейт Брамвел.

7-мартта Еврошракеттин, Казакстандын, Кыргызстандын жана Кытайдын суу чарба эксперттеринин катышуусунда сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Көлгө куйган суунун ири бөлүгү Иле дарыясы менен келет. Дайранын суусунун бир кыйла бөлүгүн Кытай да керектейт. Казакстан калкы тездик менен көбөйүп бараткан Кытайдын сууга болгон муктаждыгы мындан да көбөйүп, натыйжада өлкө суунун көбүн жыгып алат, деп кооптонуп турат. Ошон үчүн Казакстан 7-мартта өткөн сүйлөшүүлөрдө Кытайга Иле суусун көп пайдаланбоону сунуш кылып, анын ордуна Кытайга айыл- чарба продукциясын берүүнү убада кылды.

Бирок Кытай Казакстандын кооптонууларын төгүнгө чыгарып, аны тынчытууга аракеттенди. Ошону менен бирге эле айыл чарба продукциясын сууга айыр баштоо сунушуна астейдил мамиле кылды. Кандай болбосун, Брамвел Кытайдын позициясын Балкаш маселесин чечүүдөгү оң белги катары сыпаттап, Бээжиндин Балкаш чөлкөмүн өнүктүрүү планына жолтоо болбосуна үмүттөнөт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG