Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөлөрү кабарлашты. Кыймылдын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев 21-мартка белгиленген бул жолугушуу тууралуу кечээ «Азаттыкка» берген маегинде президент Бакиевдин эки жылдан бери күтүлгөн реформаларды жасоого бараарына ишенээрин билдирди. «Президенттин кыймылдын лидерлери менен жолугушуусу мунаса табуунун алгачкы кадамы болмокчу. Бирок кээ бир адамдар аны көрө албай «жолугушуу болбош керек» деп кыйкырып жатышат»,- дейт Атамбаев. Ал ошондой эле мындай жолугушуу тууралуу кыймылдын кеңешине кирген төрт партиянын лидерлерине билдиргенин, бул маселени кыймылдын штабы эмес, ага кирген партиялардын сегиз лидеринен турган саясий кеңеш чечээрин белгиледи.(SM)
7:00 «Реформа үчүн» кыймылы президент менен жолугушуу тууралуу маселени жакын арада талкуулайт