Эгер кворум болсо бүгүн бул маселе боюнча токтом кабыл алынышы ыктымал. Өткөн жумадагы талкууда айрым депутаттар Ташкөмүрдөгү бул заводдун мамлекетке тиешелүү акцияларынын сатылышын көз боемочулук катары баалашып, ага тиешеси бар адамдарды кызматтан четтетүү жана кылмыш ишин козгоо тууралуу сунуштарды айтышкан. Бир катар депутаттар чет өлкөлөргө иш сапары менен кеткенине байланыштуу кворум болбой, парламент жума башында бүгүнкүгө дейре тыныгуу жарыялаган.(SM)