9 күн мурун талиптер тарабынан барымтага алынган италиялык тирүү экендиги кечээ гана маалым болду. Мастрожиакомонун Италия өкмөтүнө кайрылуусу түшүрүлгөн видеотасма улуттук каналда көрсөтүлдү. Талиптер италиялык журналисттин бошотулушуна жол ачуу үчүн Рим Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүгө тийиш деген шарт коюууда.
Ооганстанда барымтага алынган Даниеле Мастрожиакомо Италия өкмөтүн анын бошотулуусуна көмөк көрсөтүүсүн өтүнүүдө