“Трайдент” ядролук системасын жаңыртуу долбоорун караган Парламент бул максатка 30 миллиард доллар каражат бөлүп берүүгө макулдугун берди. Добуш берүүгө чейин сөз сүйлөгөн премьер-министр Тони Блэр “Трайдент” ракеталык системасын өлкөнүн коопсуздук кепили катары баалады.