Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

БИШКЕКТЕ ЖАЗГЫ МОДА ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ


Бул жумалыктын алкагында автордук иштер, фото сүрөттөр, зергердик буюмдар, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун сынына коюлууда.

Ар бир сынактын өзүнүн номинациялары бар. Мисалы автордук иштердин номинациясында бүгүнкү күнгө ылайыкташтырылып тигилген улуттук кийимдер, “жаңы көз-караш” номинациясында алдыда мода боло турган кийимдер көрсөтүлөт. Ошондой эле трикотаждан тигилген кийимдер да бар. Жалпысынан бул мода жумалыгына отуздан ашуун өндүрүүчү ишканалар катышууда.

Ошону менен бирге сынактан тышкары Кыргызстанда белгилүү болуп калган Татияна Воротникова, Зухра Мукамбетова, Галина Байкованын иштери чеберчиликтин үлгүсү катары көрсөтүлөт. Ал эми мода жумалыгына такай катышып жаткан “Диенжени” компаниясы бул жолу “Кызгалдак” аттуу кийимдердин топтомун сунуш кылат.

Витлайн промоушн борбору тарабынан уюштурулуп жаткан бул мода жумалыгы үчүнчү жолу өтүп жатат. Иш-чаранын координатору Нуржан Алымканова жылдан-жылга катышуучулардын саны көбөйүп бараткандыгын баса белгиледи. Анын айтымында калыстар тобунун курамын эл аралык деңгээлдеги мода чөйрөсүнүн өкүлдөрү түзөт.

Жумалыктын алкагында ошондой эле зергерлер жасаган буюмдар да көрсөтүлүп, фото сүрөттөрдүн сынагы болот. Иш-чаранын соңунда мыкты деген кийимдер топтому тандалып алынып, сыйлыктар тапшырылат. “Витлайн” промоушен борбору мындай мода жумалыгын жылына эки жолу уюштурат.

-Жаш модельерлерге жардам берип, аларды мыкты деген өнөр жай ишканаларына орноштуруп, Кыргызстанды модасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошолу деген ниетибиз бар. Биздин байкашыбызга караганда максаттарыбыз ишке аша баштады- деди Нуржан Алымканова.

Жумалыктын алкагында ошондой эле тегерек стөл өткөрүлүп, анда Кыргызстандагы жаш модельерлерди жумуш менен камсыз кылуу, кыргыз модасын өнүктүрүү маселелери талкууланмакчы. Уюштуруучулар эми келечекте чет өлкөлөрдүн дизайнерлери менен биргеликте эл аралык деңгээлде өткөрүүнү ниет кылышууда. Мода жумалыгы 19-мартка чейин созулат.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG