Анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жана Кемин, Отузадыр шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү маселелери каралат. Бул тууралуу курултайды уюштуруу тобу кабарлады. Эрк партиясынын лидери, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун депутаттык мандат үчүн күрөшкө чыгуусу ушул курултайда чечилмекчи. (AiT)