Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

18:12 Жетиөгүз районунда төрт жылдык мектеп сүт заводуна мыйзамсыз сатылып кеткен


Социалдык, маданий жана билим берүү объектилерди менчиктештирүү мыйзамга каршы келээри эске алынбай, Жетиөгүз районунун Кайнар айылындагы төрт жылдык мектеп ошол эле аймактагы Акжалга сүт заводуна 70 миң сомго сатылганы анык болду. Кызылсуу айыл өкмөтүнүн башчысы Кубан Мамбетовдун айтуусунда, ага мурунку акимдер жол берген. Көл жээкке жакын салынган бул имарат союз убагында спорттук лагерь катары, кийинчерээк мектеп катары пайдаланылып келген. Учурда мектептин жарымы заводдун эс алуу бөлмөрүнө айланып, калган бөлүмүндө окуучулар сабагын улантууда. Бирок буга каршы болгон ата-энелер балдарды тарбиялоодогу мындай кайдыгерликти эми жогорку органдарга расмий түрдө билдире турганын маалымдашты.(RB)

XS
SM
MD
LG