Опера жана балет театрында өтүүчү эскерүү кечесин «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронту уюштурууда. Ага аталган кыймылдын лидерлеринен сырткары Аксы окуясында жабыр тарткандардын жакындары, депутаттар, коомдук уюмдардын жана илимий-чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышмакчы. 2002-жылдын 17-мартында Аксыда депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен чыккан элге милиция тарабынан ок атылып, алты адам окко учкан.(SM)
7:00 Бишкекте бүгүн беш жыл мурдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү кечеси өтөт