Аксы трагедиясына арналган эскерүү кечеси Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп жатат. Ага «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» Бириккен фронттун Феликс Кулов баш болгон лидерлери, ЖК депутаттары жана Аксы трагедиясында жапа чеккендердин тууган-туушкандары, бей өкмөт, укук коргоо уюмдарынын, ММК өкүлдөрү катышууда. Бул кечени «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» Бириккен фронттун штабы уюштурду. (AJ)