Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

ЖАРКЫН ТАЛАНТ, ЖАКШЫ ИНСАН ЭЛЕ


Жакшы адамды жоготпой, Жаш кошуп турса жашына, Же болбосо чиркин ай, Жаратылыш тилди алса, Андай асыл адамдан, Анда-санда бирди алса, Жалпы журтка керектүү, Жакшы адам, өлбөй тим калса!... – деп, залкар төкмө акын Ысмайыл Борончиев ырдагандай жалпы журтка керектүү кыргыздын чыгаан уулу, тунгуч гитарачысы, белгилүү маданият ишмери, профессор, Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композиторлор союзунун мүчөсү Даниал Назарматов көз жумганда асман ыйлап, жер сыздап, калдайган кыргыз калкы кайгынын кара туманына капталган эле.

Көрсө чиркин, убакыт дегениң учкан куштай тура. Ошентип, ары-бери караганча, а-бу дегенче Даниалдан айрылган күндөн бери кырк күн да зымырап өттү. Азыр болсо маркум менен бирге жүрүп, бирге туруп, анын адамдык асыл сапаттарына, ишмердигине, туубаса аткаруучулук шыгына күбө болушкан жоро-жолдоштору, жакшы санаалаштары, ондогон шакирттери Даниал Мукашевич элине кандай көөнөрбөс мурастарды таштап, эмнелерди иштеп, эмнелерди бере албай арманда кетти, кандай асыл адам эле деген ойлордун туткунунда түйшөлүшүп, жаркын элесине таазим этишүүдө. Жашы кичүү болсо да жан курбу болуп, бирге иштешип, бирге жүргөн эл артисти, профессор М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайдын директору Тенти Мураталиев ал тууралуу мындай дейт:

- Даниал байке көп кырдуу, көп сырдуу инсан эле. Биринчиден, ал Кыргызстандагы гитара музыкасынын негиз салуучусу болчу. 1968-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайынын гитара классын бүтүп, келери менен өзүнүн алгачкы эмгек жолун Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында педагог-мугалим болуп иштөөдөн баштаган эле. Биринчи жолу гитара классын ачкан. 1969-71-жылдары ордо калаадагы П.Шубин атындагы балдардын музыкалык мектебинде директордун орунбасары, педагог болуп иштеп жүрдү.

Динал Назарматов Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында гитара классын ачкан күндөн дүйнөлүк ысымдагы гитарачылардын чыгармаларын студенттерге үйрөтүү менен бирге залкар комузчулардын, обончулардын обондорун окуучуларга концерттик репертуар үчүн да иштеп чыккан.

- Тенти мырза, Даниал Мукашевич легендарлуу Жогорку Кеңеште депутат, маданият министри болуп иштеп жүргөндө азыркы Кыргыз Улуттук консерваториясына салымын кошуптур. Деги жетекчи катары кандай кызматкер эле?

- Даниал Мукашевич Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөндө, өзгөчө маданият министри болуп иштегенде азыркы Кыргыз Улуттук консерваториясынын ачылышы үчүн тикесинен тик туруп, чоң салымын кошкон. Анткени өкмөттө, президентте, Жогорку Кеңеште консерваториянын ачылышы жөнүндө сөз болгондо өзүнүн оюн, жаңы жогорку окуу жайынын керектигин айтып, анын демилгесин мен, Муратбек Бегалиев болуп колдоп чыгууга чуркаганбыз. Даниал байке көп эле жетекчи кызматтарда иштеди. Башкаларга окшоп, бери карап үшкүрүп, ары карап чүчкүргөн жок. “Жетекчиликке жеткенде, жээнин эсепчиликке алган жок”. "Туура бийде тууган жок" деп түз жүрүп, түз иштеген адам эле.

- Тенти мырза, сөзүң оозуңда. Маркум Даниал музыкант-гитарачы-аткаруучу катары элине кандай мурастарды калтырып кетти?

- Даниал байке гитарачы-аткаруучу катары кыргыздын ондогон классикалык күүлөрүнө экинчи өмүр жаратты. Алсак, Карамолдонун “Көкөй кести”, “Ибарат”, А.Кыдырназаровдун “Күйдүм чок” аттуу ж.б. күүлөрдү түп нускасындай гитарага салып, окуучуларына үйрөтүп, бир топ шакирттерин даярдады. Даниал Мукашевичтин элине музыкалык мурас катары калтырып кеткени атайын орто жана жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн “Гитарада ойноо” аттуу окуу куралы болду. Ал 2002-жылы басмадан жарык көргөн. Көптөгөн көнүгүүлөрдү нотага түшүргөн. Бир сөз менен айтканда, көптөгөн тажрыйбаларын жазып кетти. Ушул китеби менен өзүнө өзү эстелик тургузуп кетти десек жаңылышпайбыз. Башка адамдарга окшоп кызматка көтөрүлгөндө кээ бирөөлөрдөй бийликке жеткенде көбөм, керек болсо асмандагы айды өбөм деп көпкөн да жок. Маркум түз сүйлөп, туура жүрдү.

Миңдеген жыл тарыхы бар өтө сейрек кезигүүчү кереметтүү добуштагы, көркөм аткаруучулук мүмкүнчүлүгү кенендиги, жөнөкөй ырлардан тартып татаал симфониялык чыгармаларды аткарган симфониялык оркестрлерди коштоого алган эң бир сонун бай репертуардагы концерттик аспап – гитарада Назарматов дүйнөлүк ысымдагы Ф.Сордун, Д.Агуадонун, М.Жульянинин, Ф.Каруллинин, М.Каракассинин, М.Соколовскийдин, Н.П.Макаровдун, А.Иванов-Крамскойдун, А.Сегивиянын ж.б. аткаруусундагы чыгармаларды таңшыта чертүү менен бирге Карамолдонун “Ибарат”, “Жаш кербез”, Муратаалынын “Керөзөн”, Атайдын “Ой булбул”, “Гүл”, “Күйдүм чок”, “Эсимде” аттуу күүлөрүн, обондорун да энеден кайра төрөлгөндөй чеберчиликте иштеп чыккан.

Маркум Даниал кайсы гана иште, мейли маданият министри, мейли филармониянын көркөм жетекчиси, директору, мейли улуттук опера жана балет театрынын директору, консерваторияда профессор болуп иштебесин, ал турсун Республиканын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп жүргөндө да колунан гитарын түшүрбөй чет өлкөлөргө гастролдорго чыгып, өзү иштеп чыккан кыргыздын салттуу музыкасынын кооз үлгүлөрүн бейтааныш угуучуларга тартуулайт. Ал турсун Назарматов анча бийик эмес үнү менен Атайдын махабат ырларын да жалбырттай жана ырдап жиберчү.

Канча ай, канча жыл өтсө да Назарматовдун элине таштап кеткен көөнөрбөс мурастары жашап, жаркын элеси билгендердин жүрөгүндө сакталмакчы.
XS
SM
MD
LG