Эстелик ачуу жөрөлгөсү маркумдун арбагына багышталып куран окуу менен башталды. Эстеликти ачууга Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баштаган бир нече депутаттар, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын мүчөлөрү, депутаттын шайлоочулары жана туугандары катышты. Эстелик Баяман Эркинбаевдин сөөгү коюлган “Ала-Арча” көрүстөнүнө тургузулду.
Баяман Эркинбаев Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылыштагы депутаты болгон, өлөр алдында депутаттык менен кошо Улуттук олимпиада комитетин башкарып турган. Ал 2005-жылы 21-сентябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.