Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

13:15 Парламенттин “алтын” комиссиясы өкмөт башчы менен жолугушту


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуу кечээ кечинде болуп, анда негизинен Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан компаниянын иши тууралуу сөз болгон. Алтын кендерин өздөштүрүүнү иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын мүчөлөрү премьер-министр Азим Исабековго Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү бир топ терс көрүнүштөр тууралуу ойлорун билдиришти. Депутаттар Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишим ошол мезгилдеги парламент тарабынан да, президент тарабынан да ратификацияланбагандыгын белгилеп, Канадалык компания мыйзамсыз иштеп жаткандыгын айтышты. Комиссиянын айрым мүчөлөрү кенди кайра мамлекетке алуу тууралуу сунуштарын билдиришти. Ал эми өкмөт башчы бул пикирге каршы чыгып, маселени иштиктүү жолдор менен чечүү зарылдыгын белгиледи.
Жолугушууга бир нече өкмөт мүчөлөрү, “Кыргызалтын” АКнун жана “Центерра голд” компаниясынын өкүлдөрү да катышкан.

XS
SM
MD
LG