Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

14:40 Аксы окуясынын беш жылдыгына арналган жыйын аяктады


Жыйынга бир жарым миңден ашуун киши катышты. Жыйынга президент Курманбек Бакиев, президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, ЖК депутаттары Азимбек Бекназаров, Дооронбек Садырбаев, Райымбек Мамыров, Осмонбек Артыкбаев, Султан Урманаев катышты. Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин да барары мурда кабарланып, бирок жыйынга ал катышкан жок.
Жыйында сөз сүйлөгөн президент Аксы окуясын айрым саясатчылар саясий оюнга айландырып жаткандыгын, ал эми бул иштин аягына чыкпай жатканы өкүнүчтүү деп айтты. Азимбек Бекназаров болсо Аксы окуясынын аягына чыкканча бул маселени көтөрө берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG