Депутат мындай оюн Аксы районунун Каражыгач айлында өткөн жыйында билдирди. Ал президенттин сөзүнө жооп кылып, эгер бийлик сөзүнө туруп, бул ишти акыйкат иликтеп, аягына чыгарбаса, депутат катары, Аксы элинин атынан Аксы окуясы тууралуу маселени көтөрө берерин айтты:
-Саясат кылып атат деп атат. Ооба. Анткени бул саясий шейит болгон. Ошондуктан саясат боло берет. Мени жакшы көрөсүңөрбү, жаман көрөсүңөрбү, бул күнөкөрлөрдүн аты аталмайынча саясат боло берет. Мисалы мен Аксынын депутаты катары депутат кезимде бул иш аягына чыкпаса саясат кыла берем. Күнөөлөсөңүздөр күнөөлөгүлө саясат кылып атасынар деп.
Азимбек Бекназаров Аксы окуясын тергеп жаткан топ алмашмайынча, иш аягына чыкпай тургандыгын белгилеп, Баш прокурор Камбаралы Конгантиевге ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирди.
-Бир айдан кийин кайра ушул эле Конгантиев жаап коёруна мен ишенем. Бир айдан кийин кайра эле жабылат бул иш. Ал жерде тергеген адамдар алмашылбаса бул иш аягына чыкпайт. Мен ачык эле айтып коёюн, ошол тергөө тобу алмашылмайынча ал аягына чыкпайт. 24-марттан кийин бул иш үч жолу жабылып, үч жолу ачылды, кайра бир айдан кийин дале жабыла берет. Ошондой жабылып кала турган болсо мен элдин атынан бир эле нерсени сурайм, ошол ишти таптакыр кыскартып жаап салбаңыздар. Болгону токтотуп койсоңуздар,
-деди Азимбек Бекназаров.