Бүгүнкү өкмөттүк жыйында Ташкөмүрдөгү “Кристалл” ишканасынын сатылып кетиши боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы да талкууланды. Өкмөт мүчөлөрү бул маселе боюнча жаңы жумушчу комиссия түзүү чечимин кабыл алышты. 1-вице премьер-министр Данияр Үсөнов жетектеген мамлекеттик комиссия “Кристаллдын” мамлекетке тиешелүү акциясын сатып алган “Естерхолдинг” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ага заводдун бюджет, социалдык фонд жана ошондой эле айрым банктар алдындагы карызын төлөп берүүсүн талап кылууну сунуштаган.
“Кристалл” заводу “Маккензи” компаниясынын өтүнүчү менен сатыкка коюлуп, “Естерхолдинг” компаниясына 62 млн сомго сатылган. Ал эми заводдун баасын аныктаган “Маркадуит” компаниясы “Кристаллдын” баасы кеминде беш млн доллар өлчөмүндө болуш керек деп жыйынтык чыгарган.