Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

16:40 Өкмөт башчы А. Исабековдун оппозиция менен жолугушуусу жыйынтык берээрине көзүм жетпейт


Мындай пикирин президенттин алдындагы адам укугу боюнча комитеттин төрагасы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Укук коргоочунун айтуусунда, маселе президентке гана байланыштуу болуп аткандан кийин, Азим Исабеков эч нерсе чече албайт:

“Азим Исабековдун оппозиция менен сүйлөшөм дегени туура, бирок премьер-министр бир нерсени чечет деп айтууга мүмкүн эмес. Негизи сүйлөшүүлөрдү президент өзү уюштурушу керек. Бул жерде ортомчу болуунун эч кандай кажиети жок. Ортомчулар болсо өкмөттөн эмес, президент администрациясынан болушу керек. Бирок алардын катарына Мадумаров менен Усөновду кошпош керек деп ойлойм. Өкмөт деген саясатка кийлигишпей, өзүнүн ишин жасасын. Качантан бери өкмөт бизге ортомчул болуп калды эле”.

Премьер-министр Азим Исабеков “Азаттыкка” куруп берген маегинде, өкмөт митингге жеткирбей, оппозиция менен сүйлөшүү керектигин айткан. Ал өкмөт башчы катары оппозиция менен жолугушууга даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG