КАРАКОЛ. “Ата мекен” саясий партиясы менен “Бириккен фронттун” өкүлдөрүнүн Балыкчы шаарындагы жолугушуусу күн мурунтан белгиленгенине карабай, жамгыр алдында сыртта өттү. Маданият үйүнүн жанына чогулган эки жүздөн ашык элге депутаттар Текебаев, Шерниязов, Алымбеков, Самаков, Өмүрбек Абдырахмановдор жергиликтүү бийликтин имарат бербей койгонун адам укугун басмырлагандык деп түшүндүрдү. Аталган депутаттар өлкөнүн коррупцияланганын, сатылып жаткан кен байлыктар менен жерлерди сактап калууга “Ата мекен” партиясы гана бөгөт коёрун чечмеледи. Өмүрбек Текебаев президент Аксыга барганда трагедия боюнча так жооп бербей келгендигин белгилеп, өлкөнү үй бүлөөлүк башкаруудан арылтуу үчүн “Бириккен фронт” менен бирге 11-апрелде мөөнөтсүз митинге барышаарын маалымдады. Ал эми жыйын өткөрүүгө имарат бербей койгон бийликке кайрылсак оппозиция алдын ала расмий кабарлаган эмес деген жооп берди. (RB)
Аба ырайы
БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 19-мартта Кыргызстандан айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.
Абанын температурасы:
Талас дубанында түнкүсүн -2... +3, күндүз +9...+14 градус.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +3...+8 градус.
Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+15 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +10...+15 градус.
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10 градус болот.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +11...+13 градус жылуу.
Күндүн узактыгы: 12 саат, 04 мүнөт.