Демонстрациялар кечээ АКШы менен Европанын шаарларында, Түркияда жана Австралияда өттү. АКШ борбору - Вашингтондогу көчөгө жүрүшкө чыккан миңдеген адамдар өлкөнүн коргоо министрлиги – Пентагондун кеңсесине барышты. Согушка каршы демонстрациялар Лос – Анжелес, Сан-Франциско шаараларында да өттү. Ал эми АКШнын Ирактагы аракетин колдогондордун ушул эле күнкү жүрүшүнө катышкандардын саны жогорудагы демонстрациялардыкынан аз болду. Иракта согуш башталганына эртең туура беш жыл толууда. Бүгүн жапон башкалаасы Токидо до согушка каршы демонстрацияга 2000дей адам чыкты.