Бул маселени бүгүн парламент жыйынында депутат Р. Мамыров көтөрдү. Анын айтымында, 8-мартта кыргыз мамлекеттик телекөрсөтүүсү аялдарды куттуктагандын ордуна сойкуларды көрсөткөнү нааразылык туудуруп жатат. Депутат ошондой эле түштүк тарапта Өзбекстандын сегиз каналы көрсөтөрүн белгилеп, башка өлкөнүн идеологиясынын таасири үстөмдүк кылып жатканын билдирди. (КСh)
09:47 Шайлоочулар кыргыз мамлекеттик телекомпаниясы 8-мартта сойкулар жөнүндө көрсөткөнүнө нараазы