Айрым жаштар уюмдары өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кабатырлануусун билдирүүдө. Жаш саясатчылар форуму, “Келкел”, “Жашыл Кыргызстан” экологиялык жаштар кыймылы, “Асаба” партиясынын жаш канатынын өкүлдөрү баш болгон онго жакын уюм биригип, мамлекеттеги туруктуулук үчүн оппозиция менен бийликти сүйлөшүүгө чакырды. Бул бириккен топ март айынын этегинде республикалык форум өткөрүп, аймактардагы жаштардын, оппозиция менен бийлик өкүлдөрүнүн баарлашуусун өткөрүү ниеттери бар. EBM)