АШХАБАД. Түркмөнстандын жаңы президенти Гурбангули Бердимухаммедов 100 миңден ашуун кары адамдардын жана көп балалуу энелердин пенсиясын жана жөлөк пулдарын кайра калыбына келтирди. Өкмөттүк гезитке бүгүн басылып чыккан жаңы мыйзамга ылайык Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринин жесирлерине берилчү пенсиянын өлчөмү көбөйтүлөт. Мындай жеңилдиктер мурдагы президент Сапармурат Ниязов тарабынан 2006-жылы февралда алынып салынган. (KO)