Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

«КРИСТАЛЛ» ЧАТАГЫ: ПАРЛАМЕНТ ЧЕЧИМИН ЧЫГАРДЫ


19-мартта парламент “Кристалл” акционердик коомунун сатылып кетиши тууралуу маселени карап, токтом кабыл алды. Депутаттардын көпчүлүгү ири заводду итбекер арзанга сатуунун артында кайсы бир таасирдүү күчтөрдүн турганын белгилеп, ушундай эле тагдырга Айдаркендеги сымап комбинаты да туш болушу ыктымал экендигин айтышты. Ири заводдорду сызга отургузуп, итбекер арзанга сатып ийүүнүн айынан өлкө бюджетине мамлекет мүлкүнөн жарыбаган каражат түшүүдө.

“Кристалл” акционердик коомунун сатылып кетишинин чоо-жайын иликтеген парламенттик комиссиянын жетекчиси Болот Шерниязовдун ырасташынча, буга чейин тигил же бул ишканананын итбекер арзанга сатылып кетиши, мамлекет кызыкчылыгы көзкөрүнөө тебелениши тууралуу депутаттар жыйынында кызуу сөздөр болот да, маселе ошону менен токтолот.

- Мен түшүнүп жатам. Жакшы эле бакылдадык. Жогорку Кеңештин алсыздыгы – чыгып туруп бакылдап элге сүйлөп, чечим кабыл аларда четке чыга качабыз,- деп айтты Б.Шерниязов.

Ал эми анын кесиптеши депутат Алманбет Матубраимов “Кристалл” акционердик коомунун ушул абалга келишине куштар таасирдүү күчтөр жалаң Кыргызстан ичинде эле эмес, сыртында деле толтура экендигине токтолду.

- Атаандаштык болбосун үчүн биздин заводду атаандаштыктан четтетип токтотуп коюшкан. Төрт жолу сатылат деп, анын үстүнөн канча миллиондогон долларларды алып мурунку жетекчилер кетип калышты.

Ушул эле ойду депутат Осмонбек Артыкбаев да ырастады. Анын айтуусунда, ушу бүгүн дүйнөлүк базарда 1 килограмм поликремнийдин баасы 30 доллардан 150 долларга чейин көтөрүлдү. Азыр электрондук өндүрүштүн керектөөсү үчүн 15 миң тонна поликремний жетишпейт. Ошондон өзгөчө киреше бере турган ишкананы буга чейин боло келгендей жарыбаган акчага сатып алуу аракети чыгып отурат.

- Иштермандардын баары биздин Кыргызстанга келип ар кандай жолдордун негизинде ушул заводду текейден арзан баага сатып алууга аракет жасап жатышат,- дейт О.Артыкбаев.

Антип итбекер арзанга мамлекеттик мүлктү сатып алуу аракети буга чейин Кыргызстанда терең тамыр жайып, абыдан оожалып кеткенин, жаңы бийлик тушунда андай тенденция токтогондун ордуна күчөп баратканына депутат Темир Сариев да токтолду.

- Система андан ары да уланып кетти. Анан ушул жерде “мен үч жүз миңди бергеним жок”, деп актанып олтурат. Берген. Кайра кайрып берген адамдар да бар. “Уктай албай чыктым, ме, берген 10 миң долларыңды ал” деп, Данияр Токтогулович!

“Кристалл” акционердик коомунун айланасындагы талаштуу иштердин чоо-жайын тактап чыккан мамлекеттик комиссиянын төрагасы 1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов өкмөт эми ишкананы кайтарып алыш үчүн сотторго доо-арыз жолдоодон башка аргасы калбаганын мойнуна алды.

- Алгач Алматы сотуна, андан соң башка сотторго кезеги менен кайрылуу керек.

Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана отчеттуулук агенттиги “Кристалл” акционердик коомунун акцияларын сатыкка койгон сот аткаруучунун үстүнөн сотко арыз жолдоодо. Д.Үсөновдун айтуусунда, сот аткаруучу сатык өткөрүүгө негиз берчү тийиштүү документтерди жакшылап караган эмес. Өкмөт “Кристалл” сатыкты жарыя кылган “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редакторун да кызматтан алууну көздөөдө. Ошол себептүү аларды кызматтан алуу жөнүндө өтүнүч өкмөт башчыга жолдонгонун Д.Үсөнов маалымдады.

XS
SM
MD
LG