Беларус оппозициясынын колдоочулары өлкө президенти Александр Лукашенконун кайра мамлекет башчылыкка шайланганынын бир жылдыгын белгилөөгө каршы экендиктерин билдиришти. Демонстранттарды полициянын жоон тобу таркатканы кабарланды. А.Лукашенко былтыр 19-мартта үчүнчү ирет Беларустун президенти болуп шайланган эле. Көпчүлүк байкоочулар ал шайлоонун акыйкатсыз өткөнүн айтып жүрүшөт.