Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Иракта согуш башталганына туура төрт жыл толду


Мындан төрт жыл мурда АКШ баштаган коалициялык күчтөр Иракка согуш жарыялагандан бери кеминде 60 000 ирактык набыт болду. АКШ болсо 3 200 тегерегинде аскеринен айрылды. Бүгүн АКШда Ирак согушуна каршы оюн билдирип, көчөгө чыккандардын ичинде жүздөн ашуун адам камакка алынды. АКШнын президенти Жорж Буш Ирак согушунун төрт жылдыгына карата билдирүүсүндө Ирактын коопсуздугу боюнча жаңы план эми гана ишке кире баштаганын, андыктан анын ийгилиги дагы бир нече айларды талап кылаарын айтты. Ал, ошондой эле, америкалык аскер күчтөрүн Ирактан чыгарууга азырынча эртелик кылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG