Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

КАЗАКСТАН: БИЛЯРД ОЮНУНАН ЧЫККАН ЧАТАК ЭКИ КАЗАК ЖАНА БИР ЧЕЧЕН ЖИГИТТИН ӨМҮРҮН ЖАЛМАДЫ


18-март күнү Казакстандын Алматы облустундагы Маловодное айылында 200 чамалуу адам катышкан уруш болду. Казактар менен чечендер ортосундагы чатакта кеминде үч адам өлдү, бир нече адамдын абалы оор. Ырасмий бийликтер кагылышууну этникалык араздашуу эмес, жаштар арасындагы келишпөөчүлүкттөн улам чыккан чатак деп айтышууда.

Маловодное айылында 18-мартта болгон уруш эмне менен аяктагы жөнүндө Алматы облустук полициясынын акими Багдад Майкеев буларды билдирди:

-Үч адам өлдү, алардын экөөсү казак жана бирөөсү чечен. Эки чечендин абалы оор, шыкак болду.

Калабага биллиард ойнунан улам бир күн мурда чыккан жаңжал шыкак болду. “Жас Алас” гезитинин жазышынча, Махмаханов деген чечен жигит оюнду уткуруп койгондон кийинки араздашууда Салимбаев деген казак жигитти желим ок менен атып, мерт кылат.

Буга кыжырданган казак жаштары эртеси 20дан ашуун машинеге түшүп алышып, коңшулаш “КазАтКом” айлындагы Махмахановдун үйүнө барышат. Ал жөнүндө Марат деген казак уландын кеби:

-180дей казак жаштары чогулуп, дарбазанын маңдайында турганбыз. Челектик жигит үйдүн ичиндегилерге кыйкырып, керек болсо жекеме-жеке чыккыла деп чакырды. Ошол тушта үйдөн мылтыкчан үч жигит чыкты да челектик жигитке ок атышты. Алар ок ачып бүтөр замат качып кетишти. Эки казак жигит кулап түштү. Бир нече жигит бутунан жарадар болушту. Жарадар болгондордун айрымдары ооруканага барбай, качып кетишти.

Бирок, жаштардын бир тобу Махмахановдун үйүн өрттөп жиберишкенин, үйдөн эч нерсе калбаганын “Азаттыктын” кабарчысы чырлуу айылга барганда көргөн.

Казакстандагы чечендердин маданий борборунун башчысы Ахмед Мурадов үйү өрттөлгөн Елси Махмахановдун биллиард чатагына эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп, 18-марттагы кандуу булоон жөнүндө мындай таржымалын айтат:

-Келерки күнү 300-400 чамалуу адам автомобилдер менен айылдын четине келишет. Адегенде алар үйгө чабуул коюшуп, анан автомашинелерди, короо-сарайларды өрттөшкөн жана ок чыгарышкан. Коргоно албаган соң экинчи жак аң уулоочу мылтыкты пайдаланып, каршылык көрсөтүшкөн. Ок атышуу учурунда жети же сегиз киши жараат алган. Алардын үчөө чечен, бешөө казак. Эки казак жана жарадар болгон үч чечен бир туугандын бирөөсү набыт болду. Дагы экөө оор абалда ооруканада жатат.

Мурадов бир ай илгери да “КазАтком” айылында чечендер менен казактар ортосунда мушташ болгонун, 18-марттагы жаңжал ал үчүн өч алуу экенин айтат. Анын сөзүнчө, эки жума мурда дагы 300- 400дөй адам негизинен чечендер менен ингуштар жашаган айылды чаап алганы келгенде, аларды милиция коргоп калган.

XS
SM
MD
LG