Ага жардыкты даярдоо иштеринде катачылыктар кеткени себеп болгонун «Азаттыкка» президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев билдирди. Анын айтымында, прокуратура боюнча мыйзамга ылайык, баш прокурорлукка дайындала турган адамдын бул тармакта кеминде 15 жылдык иш тажрыйбасы болуш керек. Элмурза Сатыбалдиевдин иш тажрыйбасы болсо 15 жылга беш ай жетпейт экен. Мындай кенемте билинген соң президент жардыкты даярдаган кызматкерлерге катуу сөгүш берген. Президент бул жардыкка бүгүн эртең менен Баткен облусуна иш сапарга чыгаар алдында кол койгон. (SM)