Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

ДҮЙНӨНҮН ЖАҢЫ ЖЕТИ КЕРЕМЕТИ ҮЧҮН ДОБУШ БЕРИЛҮҮДӨ


Азыркы дүйнөнүн жети керемети кайсылар? Бул тизмеге кирүүчү жети кереметти аныктоого сиз да катыша аласыз. Добуш берүү Интернет аркылуу, быйылкы жылдын 7-июлуна чейин жүргүзүлмөкчү.

Дүйнөнүн жети кереметинин тизмеси, албетте, буга чейин эле болгон. Ал мындан 2000 жыл ашуун мурда байыркы гректер тарабынан түзүлгөн экен. Ал алгачкы жети кереметтин азыр жалгызы - Египеттеги пирамидалар гана бар. Калгандары жер титирөөдөн же өрттөн улам мындан жүздөгөн жылдар илгээри жок болгон.

Эми байыркы тизмени жаңылап, азыр бар 7 кереметти аныктоо жараяны "Жаңы 7 керемет фонду" деп аталган коммерциялык эмес уюм тарабынан жүргүзүлүүдө. Демилге швейцариялык изилдөөчү жана кинорежиссер Бернард Венгерге таандык. Ал добуш берүү жүргүзүлүүчү Интернет баракчаны мындан жети жыл мурда өз акчасына ачкан экен. Ал сайттын дареги: www.new 7wonders.com

Жети кереметке кирген тарыхый жана маданий жайлар кайсылар болгону быйыл 7- июлда Португалиянын Лиссабон шаарына белгиленип жаткан салтанатта жарыяланат. Ага чейин дүйнө өлкөлөрүнүн миллиондогон тургундары, жогорудагы сайтка кирип, катталып, өз добушун бере алат. Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, быйыл март айынын ортосуна чейин дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн 4 миллион адам, 28 миллион добушун беришти. Бул жараянга жигердүү катышкандар Кытай, Греция, Индия, Бразилия, АКШ, Перу, Мексика, Австралия, Германия, Канада, Британиянын тургундары болушту.

- Бул глобалдык деңгээлдеги биринчи добуш берүү. Биринчи ирет дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн, көпчүлүк аймактарынын тургундары каалаганына добуш берүүдө. Биринчи ирээт адамдар менен балдар да бирдей укукта добуш бере алышат. Алар - эксперттер, профессорлор, тарыхчылар эмес, жөн адамдар. Биз маданият жогорудан төмөн карай эмес, төмөндөн жогору карай аныкталчы нерсе деген ишеничтебиз,- дейт Тия Ваяеринг "Жаңы 7 керемет фондунун" басма сөз катчысы.

Фонддун өкүлү кошумчалагандай, Интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү жоктор, телефон, SMS аркылуу да добуш бере алышат. Албетте, мисалы италиялыктар, индиялыктар же кытайлыктар өз өлкөсүнүн аймагындагы тарыхый мурастарды гана жактап добуш бериши мүмкүн. Бирок добуш жарактуу деп табылышы үчүн бир эле учурда 7 керемет тең тандалышы керек.

- Мен көп адамдар өз өлкөсүндөгүлөр үчүн добуш берерине ишенем, бул - биз колдогон нерселердин бири. Биз адамдар өздөрүнүн маданий мурастары менен сыймыктануусун, өз тарыхына, маданиятына жаңы көз караштан кайрылуусун колдойбуз. Бирок сиз жалгыз эмес, 7 башка талапкерге добуш беришиңиз керек. Биз адамдарды чек араларынан сырткаркы жактарды карап, кеминде дагы башка алты эстеликке да шыктанууга мажбурлап жатабыз жана адатта буга жооптор оң болууда,- дейт Тия Ваяеринг "Жаңы 7 керемет фондунун" басма сөз катчысы.

Анткен менен бул идеяны жээригендер да жок эмес экен. Египеттин маданият министри Фарук Хосни, маселен, дүйнө кереметтеринин жаңы тизмесинин түзүлүшүн "абсурд" деп атаптыр.

Фонддун Интернет баракчасындагы соңку маалыматтарга көз чаптырсак, эң көп добуш топтогон 21 тарыхый жана маданий жайдын тизмеси жана сүрөттөрү коюлган. Алгачкы жетиликтин ичинде, байыркы индеецтердин Мексикадагы Чичен Итза, Египеттин Гиза пирамидалары, Улуу Кытай дубалы, Индиядагы Таж-Махал, Италиядагы Коллизей бар. Ал эми 21дин тизмесинде Грециядагы Акрополис, Париждеги Эйфел мунарасы, Нью-Йорктогу Эркиндик эстелиги, Сидней операсы, Москва Кремли жана Стамбулдагы Айя –София мечити да жүрөт. Ошентип, добуш берүү аяктарына төрт айга жетпеген убакыт калды. Дүйнөнүн жаңы 7 керемети быйыл 7-июлда белгилүү болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG