Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

ОШ: ТЕРГӨӨ АБАГЫНДАГЫ ЖАРАН ТОКМОКТОН КӨЗ ЖУМДУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Мыйзам жана тартип укук коргоо уюму Ош шаарындагы №5 тергөө абагында жаткан 35 жаштагы Арслан Жумабаев кароолдор тарабынан токмоктоп өлтүрүлдү деген маалымат таркатты. Ал эми тергөө абагынын жетекчилиги укук коргоо уюмунун билдирүүсүн ушак катары баалап, абакчы өзү жаткан текчеден түшүп кеткенден алган жарааттын кесепетинен көз жумгандыгын айтты.

Арслан Жумабаев мыйзамсыз маңзатын сактаган деп шектелип, ага кылмыш жаза кодексинин 246-беренеси боюнча айып коюлуп, тергөө абагында эки айдан бери отурган. Алынган жаракаттан кайтыш болгон Жумабаевдин денеси 18-март күнү жакындарына кайтарылып берилди. Мыйзам жана тартип укук коргоо уюмунун жетекчиси Изатулла Рахматуллаевдин айтымында, буга чейин абак кызматкерлеринин мамилесине бир канча жолу арызданган Жумабаевдин сөөгүн сууга алууда кыйноого алган ур-токмоктун белгилери байкалган:

- Ал жерде бул кишини бир айдын ичинде уруп-токмоктоп өлтүрүшүп, сөөгүн беришкен. Колдору, кабыргалары сынган, арка белинде гемотомалар бар. Биз бул фактыны иликтеп, сөөгүн сууга алган кишилер менен барып сүйлөшүп келдик, алардын айтуусуна караганда бул кишиге карата күч колдонуп урулган.

Ош тергөө абагынын жетекчилигинин билдиргенине караганда, учурда абакчы Жумабаевдин өлүмүнүн себептерин так аныктоо боюнча медициналык текшерүү жүргүзүлүп, иликтөө үчүн иш атайын прокуратуранын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Тергөө абагынын башчысы Калмат Пратовдун айтымында, алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча буга чейин ооруп жүргөн Жумабаев өзү жаткан камерада текчелен кулап кетип кайтыш болгон:

- Жумабаев деген киши өлгөн. Бул киши медиктердин диагнозу боюнча наркоман, ВИЧ. Баңгилик боюнча бир жума мурун наркологический диспансерде дарыланып келген. Өлгөнү тууралуу боюнча жанында түрмөдө жаткандардын айтымы боюнча жаткан койканын экинчи этажынан жыгылган. Алган жаракаттарынын негизинде ал киши өлгөн.

Жергиликтүү укук коргоочулардын маалыматына караганда, маркум Арслан Жумабаев өткөн он жыл аралыгында тергөө абагында ур-токмоктун белгилери менен көз жумган он тогузунчу адам. Укук коргоочулардын байкоосу боюнча алардын көпчүлүгү өзүнө каршы көрсөтмө алуу учурунда кыйноодон көз жумушкан.

XS
SM
MD
LG